USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркияга жардам. Кыргызстанда акча чогултуу уланууда

10:10, 10 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Түркияга жардам иретинде 100 миллион 559 миң сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,4 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Табигый кырсык 13,5 млн калкы бар дагы 10 провинцияга жана коңшу Сирияга да таасирин тийгизди. Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн 44 миңден ашуун адам каза болду.

 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18