USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мугалимдерге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы бериле баштайт

11:12, 01 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Презденттин демилгеси менен эки мугалимге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет.

Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт.

Андан сырткары, 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерди үй менен камсыздоо каралууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18