USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусияда тажик мигранттары жашаган вагон күйүп кетти

10:08, 01 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Пермь шаарында тажик мигранттары жашаган курулуш вагону күйүп кетти. Күбөлөр окуя 27-февралда болгонун билдиришүүдө.

Алардын айтымында, эч ким жабыркаган эмес, бирок мигранттардын документтери толугу менен күйүп кетти.

«Өрттөн паспорт, иш үчүн алынган патент күйүп кетти. Аларды калыбына кетирүүгө бир нече ай керек болот», — деди Манус аттуу мигрант.

Өрттүн себеби азыркыга чейин белгисиз. Пермь шаарынын укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Орусияда айрым тажик мигранттары эч кандай шарты жок вагондордо жашашат, бул — турак жайдын эң арзан түрү. Мигранттардын вагондорун өрт чалган учурлар мурда да болгон. Орус бийлиги анын себебин дайыма коопсуздук эрежелери сакталбаганы менен түшүндүрүп келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18