USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мирзиёев: Өзбекстанда быйыл инвестициянын көлөмү 42 млрд долларга жетет

17:00, 28 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда 2023-жылы жалпы инвестициянын көлөмү 42 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 27-февралда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылы 31 миллиард өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Анын натыйжасында соңку беш жылда өнөр жай өндүрүшү 1,4 эсеге, экспорт 1,5 эсеге көбөйгөн.

Быйыл 11 миллиард доллар түз инвестицияны өздөштүрүү пландалууда. Бул өлкөдөгү жалпы инвестициянын көлөмүн 42 миллиард долларга чыгарууга жол ачат.

Мирзиёев экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жакынкы беш жылга өндүрүштү 1,5 эсеге көбөйтүп, экспортту 20 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын айтты. Бул үчүн 120 миллиард доллар инвестиция, анын ичинде 70 миллиард доллар чет элдик инвестиция зарыл.

Дүйнөлүк банк 2022-жылы май айында жарыялаган баяндамасында Өзбекстан башка өлкөлөрдөн экономикалык өнүгүү жаатында 30 жылга артта экенин белгилеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18