USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Курманбек Бакиев Дубайдагы жолугушуудан Атамбаев кантип чыгып кеткенин айтты

10:22, 28 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
17-февралда Дубайда өткөн экс-президенттердин өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушуу боюнча Курманбек Бакиев дагы маалымат берди.
 
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев аягына чейин олтурган эмес.
 
«Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти», — дейт ал.
 
Курманбек Бакиевдин билдирүүсүндө, мурдакы жетекчилер жолугушуунун форматын билишкен эмес.
 
«Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында — жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил — муну, бул — тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик. Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду», — дейт ал.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18