USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Издөө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда кармалды

15:06, 27 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

УКМК издөөдө жүргөн чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жаран КРда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесипөтүүгө айыпталууда.

Андан сырткары, ал чет өлкөдө уюшулган кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18