USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Талибан» Ооганстанда Алишер Навоинин эстелиги талкаланганын ырастады

15:52, 17 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Балх провинциясында Алишер Навоинин эстелиги зыянга учураганы жөнүндөгү маалыматты ырастап, бул окуяны "вандализм" деп аташты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин өкүлү Ахрор Бурханов билдирди.

Анын айтымында, өзбек дипломаттары ооган тарап менен байланышкан. Алар бул вандализм акты "Талибандын" саясатын чагылдырбай турганын билдиришкен.

"Талибандын" өкүлдөрү бул абалды "белгисиз кишилердин уруксатсыз жана ойлонулбаган кадамынын жыйынтыгы" деп атаган.

"Ооганстандын өкүлдөрү эстеликти калыбына келтирүү боюнча чара көрөт жана жалпы мурасыбызга сый мамиле жасайт", -деп айтылат Өзбекстан ТИМинин билдирүүсүндө.

Буга чейи Hasht-e Subh Daily гезити Ооганстандын Балх провинциясында Алишер Навоинин эстелиги талкаланганын кабарлаган.

Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Шибирган шаарында Алишер Навоинин сүрөтү тартылган дубал түрттүрүлгөнү да айтылган.

Өзбек ойчулу жана акыны Алишер Навои 1441-жылы азыркы Ооганстандын Герат шаарында туулган. Ал убакта бул аймак Тимуриддердин башкаруусунда болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18