USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркия менен Сирияда зилзаладан өлгөндөрдү саны 34 миңден ашты

10:11, 13 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 29,5 миңден ашты. Al Jazeera маалымдагандай, Сирияда зилзаладан төрт жарым миңден ашуун киши мүрт кетти.

Эки өлкөдө жаракат агандардын саны 80 миңден көп. Жүз миңдеген кишилер үй-жайынан ажырады.

Урандылар арасында иштөө уланууда. Ага 70 өлкөнүн куткаруучулары жана медиктери катышууда. Азыркыга чейин урандылардын алдынан тирүү адамдар табылып жатат, арасында балдар да бар.

Түркияда имараттардын кыйрашы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Шектүү 100дөн ашуун адамды кармоо боюнча токтом чыкты. Дагы 50дөй киши талоончулук үчүн кармалды. Өлкөнүн президенти Режеп Эрдоган алар жазадан кача албай турганын айтты.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Түркияда үч айга өзгөчө абал жарыяланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18