USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

И.Арабаев атындагы университет эл аралык сынакты жеңип алды

14:38, 03 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center (Канада) «Жылдын мыкты университети-2022» деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, сынакта университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилген. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жеңишке ээ болду.

Ошондой эле IARC борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева «Жылдын ректору — 2022» деп тапты.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18