USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Февраль айында бензин дагы 2-3 сомго арзандайт

12:14, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Февраль айында бензиндин чекене баасы дагы 2-3 сомго арзандайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын декабрь айынан бери Орусиядагы заводдо баанын төмөндөшүнө байланыштуу бензиндин баасы 5-5,5 сомго арзандады.

«2023-жылдын январь айынан бери бензин баасы 20 пайызга түштү. Мындан улам чекене баа дагы төмөндөдү. Февралда дагы арзандайт. Андан ары Россиядагы кырдаалга байланыштуу болот», — дейт Канат Эшатов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18