USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Каракол: оорукана башчысы ымыркайлар өлүмүнөн кийин кызматтан кетти

17:03, 27 января 2023, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева «Азаттыкка» билдирди.

Аталган ооруканага караштуу төрөтканада жыл башынан берки эки аптанын ичинде алты ымыркай чарчап калган.

Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү адистерден турган атайын комиссия окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилген.

Караколдогу төрөтканада жылына төрт миңден ашык наристе жарык дүйнөгө келет. Облустун бардык аймагынан төрөтү оор, паталогиясы бар кош бойлуу аялдардын көбү Караколго жөнөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18