USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Россия Кыргызстанга куруп берген мектептерин өзү башкарат

17:28, 23 января 2023, Бишкек - 24.kg

Россия Кыргызстанда тогуз мектеп курат. Бул боюнча келишимдин долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралды.

Билим берүү министри Улан Мамбетакуновдун айтымында, мектептер курулуп бүткөндөн кийин аны Россия өзү башкарат. Кыргызстандын макулдугу менен Россия жараны директор болуп дайыналат.

«Россиянын жана Кыргызстандын окуу стандарттарынын негизинде окуу программасы түзүлөт. Кыргыз тили, кыргыз адабияты жана тарыхы дагы окутулат. Россиядан келген мугалимдер иштешет. Ишке кыргыз мугалимдери дагы тартылат», — деп билдирди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Россия мектептерди жети облуста, Бишкек жана Ош шаарларында бирден курат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жакында эле Бишкектеги мектепти «Газпром Кыргызстан» компаниясына 20 жылга бекер колдонууга өткөрүп берди. Окуу жайда акы төлөп окутулат. Россия анын ордуна аймактарга мектеп курууну пландап жатканы айтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18