USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга келди

15:10, 23 января 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Маулен Ашимбаев расмий иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулайт. Муну менен катар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле Сенат Төрагасы Президент Садыр Жапаров менен да баарлашып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18