USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү убактылуу токтотту

15:35, 17 января 2023, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан техникалык себептерден улам 15-январдан тарта Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу TOLOnews TV телеканалы Ооганстандын Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) улуттук энергетикалык компаниясынын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

DABS’тин өкүлү Сафиулла Ахмадзай учурда электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча так жооп боло электигин билдирди.

Өзбекстан эки жума мурда Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимди дагы бир жылга узарткан. Ага ылайык, расмий Ташкент кышкысын коңшусуна 450 МВт электр энергиясын жеткириши керек.

Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарынын тургундары электр жетишсиздигинен кыйналып жатканы кабарланууда. Ошол эле маалда Өзбекстандын өзүндө да өтө суук аба ырайынан улам кезектеги энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18