USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ИИМ: криминалдык топтордун аймак бөлүштүрүү талашы жүрүүдө

15:46, 16 января 2023, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, Кыргызстанда үч уюшулган кылмыштуу топ бар. Алар Алмаз Бокушев, Камчы Көлбаев жана Азиз Батукаевдин топтору.

Оштогу адам өлтүрүүгө ал топтордун ортосундагы талаш себеп болду.

«Каза болгон жана жаракат алган адам дагы уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү. Алардын биринин жетекчиси жоопко тартылат. Ар бир ири топтун ичинде келишпестиктер бар. Кадырбек Досонов Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү», — дейт Нурбек Абдиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18