USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сауд Арабия Кыргызстанга ажылыкка 6 миң квота бөлдү

10:53, 10 января 2023, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабия Кыргызстанга 2023-жылга ажылык сапарга 6 миң квота бөлдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Алардын маалыматында, Сауд Арабия менен Кыргызстандын дин тармагында өкүлдөрү ажылыкты уюштуруу иштерин талкуулашты.

«Сауд Арабия COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып кала турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти», — дейт муфтият.

2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезек күтүп турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18