USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзбекстан менен Кытай аба каттамдарын жандандырууда

10:15, 10 января 2023, Бишкек - 24.kg

Дээрлик үч жылдан кийин Өзбекстан менен Кытай ырааттуу авиакаттамдарды жандандырууда. 10-январда Uzbekistan Airways компаниясына таандык учак Ташкенттен Бээжинге учат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Кытайга баруу үчүн жүргүнчүлөргө ПЧР-тест (мөөнөтү 48 саат) жана виза керек.

Uzbekistan Airways компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, билеттин баасы 6,7 млн сумдан (600 доллардын тегереги) башталат. Кийинки каттам 17-январга пландалган. Ай соңуна чейин учактар жумасына бир жолу — шейшембиде учат. Февралдан тарта каттамдар жумасына эки жолу аткарыла баштайт.

Өзбекстан менен Кытай ырааттуу аба байланышынын 2020-жылы февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоткон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18