USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тергөөчүлөр Орозайым Нарматованы суракка ала алышкан жок

11:36, 23 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери № 1 Тергөө абагындагы мурдакы депутат Орозайым Нарматованы суракка ала алышкан жок.

Орозайым Нарматова өз алдынча кыймылдай албайт.

«Тергөө абагынын кызматкерлери аны замбилге салып чыгышкан. Тергөөчүлөр мурдакы депутатты мындай абалда суракка алуудан баш тартышкан», — деп билдирди жакындары.

Орозайым Нарматованын жактоочусу дагы аны менен жолугуша алган эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18