USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Быйыл Кыргызстан 2,6 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоду

15:11, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

2022-жылдын 10 айында Кыргызстан Түркмөнстан жана Казакстандан 2,6 млрд киловатт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин товар айландыруу тууралуу отчетунда маалымдалат.

2 млрд киловатт/сааттан ашык негизги көлөм Түркмөнстандан, ал эми 580,1 млн киловатт/сааты Казакстандан импорттолгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Түркмөнстандан импорттоо 6 эсеге, ал эми Казакстандан импорттоо 7%га өскөн.

«Ал эми казак электр энегиясынын 1 киловатты 1,57 сомдон, ал эми түркмөн энергиясынын баасы киловаттына 2,47 сомдон айланды. Быйыл Өзбекстандан электр энергиясы сатып алынган жок. Өткөн жылы январдан октябрга чейин Өзбекстандан 504,3 млн киловатт/саат электр энергиясын сатып алынган», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18