USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытайдан импорт 2022-жылы 2,2 эсеге өстү

11:02, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кытайдан импорт 2022-жылы 2,2 эсеге өстү. Бул тууралуу Кытайдын Бажы башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, январь-ноябрь айларында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товар 13,7 миллиард долларды түздү.  Өткөн жылдын бул мезгилинде импорт - 6,2 миллиард доллар болгон. 

Кытайдан төмөнкү товарлар жөнөтүлгөн:

• кийим-кечек — $6,4 млрд;

• бут кийим — $1,7 млрд;

• электрлик жабдуулар  — $792 млн;

• механикалык жабдуулар — $586 млн;

• автомобиль жана тетиктер — $574 млн;

• химиялык заттар — $367 млн;

• тери буюмдары — $354 млн;

• желим буюмдар — $238 млн;

• оюнчуктар — $235 млн жана башка. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18