USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Руанда дипломатиялык мамилени орнотту

18:17, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Руанда менен ортосунда дипломатиялык мамиле орнотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Руанданын өкүлү Клавер Гатете кол коюшту.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18