USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады

13:27, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган кыргыз жараны 2009-жылы Ооган-Пакистан конфлигинин аймагына кетип, ал жерден Өзбекистан ислам кыймылы «ӨИК» эл аралык террористтик уюмдун катарына кошулган, «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болот.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган адам интернет мейкиндиктеринде «ИМ» ЭТУнун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн медиа-террордук иш-аракеттерди да жүргүзүп келгендиги аныкталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18