USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Карантинге жабылган мектептер онлайн тартипте окууга өтөт

10:24, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Сасык тумоонун жайылышынан улам карантинге жабылган мектептер онлайн тартипте окууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сабактар токтотулбашы үчүн учурда онлайн окутуу боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда алты мектеп, Бишкекте- 8, Таласта −113 мектеп жана 70 бала-бакча карантинге жабылды.

Сасык тумоо менен ооругандардын саны акыркы жумада 1,5 эсеге өстү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18