USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дарыгерлер мектеп жана балдар аянтчаларын карантинге жабууну сунуштайт

15:42, 13 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов мектептерди карантинге жабууну сунуштайт.

Анын айтымында, сасык тумоо менен ооруган балдардын саны күн санап өсүүдө. Ал жарандарга коомдук жайларга барбай туруу кеңешин берет.

«Вирус аба аркылуу жугат. Мектептер карантинге жабылса жакшы болмок», — дейт Акылбек Маманов.

Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев шаардагы балдар аянтчаларын убактылуу жабууну сунуштайт. Анын айтымында, вирус көп учурда оюн аянтчаларынан жугууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18