USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жыл башынан бери балдарга карата 103 зомбулук катталды

12:37, 13 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жыл башынан бери балдарга карата 103 зомбулук катталды. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, зомбулукка аз камсыз болгон жана ата-энеси миграцияда жүргөн балдар кабылат.

«Ар бир үй-бүлө менен өз алдынча иш жүрөт. Ага социалдык кызматкерлер, психологдор жана башка адистер кошулуп иш алып барат. Эң оор учурда гана бала үй-бүлөдөн бөлүнөт», — дейт вице-мэр.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18