USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүшү күтүлөт

14:18, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Ош жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
 
Мекеме жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертет.
 
Министрлик жолдо бара жаткан унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону, унааны техникалык кароодон өткөрүп жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну, күрөк, чынчырча, медициналык куту (аптечка), дары-дармекти алып жүрүү зарылдыгын белгилейт.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18