USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Стамбулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза тапты

10:01, 14 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты кишинин каза тапты, 53 киши ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматты Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады.

Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жык жайгашкан аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге «Тез жардам» унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18