USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кармалган активисттер депутаттардан Кемпир-Абад боюнча комиссия түзүүнү өтүнөт

10:49, 09 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешке атайын комисси түзүү сунушу менен кайрылышты. Бул тууралуу депутат Сеидбек Атамбаев билдирди.
 
Анын айтымында, № 1 Тергөө абагында кармалган активисттер депутаттар менен жолугушууда абактагы шартка арызданышкан эмес.
 
Экс-депутат Орозайым Нарматованын учурда өнөкөт оорусу күчөп, СИЗО 1ги врачтардын жардамын алууда.
 
«Кармалгандар, Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин баардык депутаттарына кайрылуу жолдошту. Кыргызстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери тарабынан Кемпир-Абад боюнча макулдашууга кол коюлгандан кийин, алардын түшүнгөнү боюнча Кемпир -Абад маселеси үчүн кимдир бирөөну абакта кармоо жана аларга карата кылмыш ишин улантууга кежети жок экенин белгилешти», — дейт ал.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18