USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирди

09:12, 09 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу ТурСтат порталы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейтингди түзүүдө өлкөлөрдүн туристтер арасындагы популярдуулугу жана туризм инфраструктурасынын өнүккөнү эске алынган.

КМШнын кышкы туризм боюнча популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингинде алдыңкы бештикке Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирген.

«Кыргызстанда кышкысын туристтерди Бишкек жана Каракол шаарлары, Караколдогу тоо-лыжа курорту, Бишкекке жакын жайгашкан лыжа базалары жана Ысык-Көл кызыктырат», — деп жазылган ТурСтаттын сайтында.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18