USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тажикстанда журналист Завкибек Саидамини жети жылга соттолду

16:08, 04 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту журналист Завкибек Саидаминини жети жылга эркинен ажыратты. Буга чейин прокурор ага 7,5 жылдык жаза сураган.

Өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» жана оппозициялык «Группа 24» кыймылы менен кызматташууга айыпталган Саидамини акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтты.

Адвокат журналистке карата сот өкүмү 3-ноябрь күнү кечинде Душанбедеги тергөө абагында өткөн отурумда чыкканын билдирди. «Саидамини менен кеңешкенден кийин өкүм боюнча жогорку баскычтарга даттануу-даттанбоо тууралуу чечим кабыл алабыз», — деп кошумчалады адвокат.

38 жаштагы Завкибек Саидамини быйыл 8-июлда Вахдат шаарында кармалып, Душанбедеги тергөө абагына жеткирилген. Ал мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18