USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте кыздар футболунун жеңүүчүлөрү аныкталды

10:52, 04 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектин кыздардын футболдук командаларынын ортосунда Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Финалдык этапта Бишкек шаарынын «Алга» командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Оштун «Каганат» командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.

Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18