USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалды

09:47, 26 октября 2022, Бишкек - 24.kg

42 жаштагы Риши Сунак Британиянын премьер-министри болуп дайындалды. Мурда финансы министринин кызматын аркалаган саясатчыга 25-октябрда падыша Чарльз Үчүнчү өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. Сунактын теги индиялык, ал британ тарыхында эң жаш премьер болду.

Өткөн жуманын аягында Лиз Трасс өкмөттү 44 күн башкаргандан кийин отставкага кеткен. Дүйшөмбүдө Консервативдик партия Сунакты өз лидери кылып шайлаган.

Эксперттер 2020-жылдын февралында финансы министрлигин жетектеп баштаган Сунак пандемияда ийгиликтүү иштегенин белгилешет. Быйыл июлда Борис Жонсондун саясатына макул болбой кызматынан кеткен.

Сунак мульти миллионер. Ал Оксфорд жана Стэнфорд өңдүү абройлуу окуу жайларда билим алган. Жубайы Акшату Мурти индиялык миллиардердин кызы. Жаңы премьердин эки кызы бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18