USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жамааттын жыйындары башталды

17:15, 17 октября 2022, Бишкек - 24.kg

17-октябрда Ош шаарында элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүү иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, графикке ылайык, биринчи жыйын «Туран» МАБда өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары А.Айтбаев, Б.Баетов, Х.Исамова, А.Раимбердиева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн Курултайга 59 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18