USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте аялдарды шыктандырган дубал сүрөтү пайда болду

11:14, 28 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Кыргызстандагы аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасына арналган «Кыйынмын» муралы пайда болду.

Осмонкул жана Куренкеев көчөсүндөгү дубал сүрөтүн basicolors арт тобунун сүрөтчүлөрү жараткан.

Сүрөттүн максаты — аялдарды өзүнө ишенүүгө, жашоодогу жана күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялдарына карай умтулуусуна шыктандыруу.

Ашканада баласын көтөрүп түшкөн келиндин сүрөтү үй турмушун чагылдырат. Ошондой эле келиндин колунда планшет, алдыңкы планда табигый илимдер китептери жана «кыйынмын» деген жазуусу берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18