USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенде жараат алган 198 адамдын 137си ооруканада жатат

15:40, 23 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Бул тууралуу 23-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Баткенде үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондор үчүн төрт мобилдик клиника иштеп жатканын айткан Калмаматов Бишкектен барган 16 медициналык бригада да жардам берип жатканын кошумчалады. Аталган бригадалардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адис бар.

Кант диабетине чалдыккандар инсулин менен толук камсыз болгону да маалымдалды.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18