USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

11:58, 23 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Пилоттук долбоордун алкагында Чүй проспектисинде «Россия» кинотеатрынын маңдайында шлагбаум тибиндеги жол тосмосу пайда болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тосмо Түштүк Кореядан келген New Pioneer Co., LTD компаниясы тарабынан «Бишкекасфальтсервис» МИнин жардамы менен орнотулган, узундугу 100 метр, тосмо бышык материал поливинилхлоридден жасалган.

Бул пилоттук аймак жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу шаар жолдорунун ичинен тандалып алынган.

Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында аталган ишкана менен меморандум түзүлгөн.

Маалымдама: New Pioneer Co., LTD Түштүк Кореяда жайгашкан жана аккредитацияланган компания жол капталындагы тосмолорду жана жолдордун огуна орнотулган бөлүүчү тосмолорду, ошондой эле үн өткөрбөй турган тосмолорду чыгарууга адистешкен. Аталган компаниянын продукциялары көптөгөн сыноолордон ийгилктүү өткөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18