USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүү уланууда

10:20, 18 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө Баткен облусуна 3 жүк ташуучу унаа (2 чоң жана бир «кыска») жөнөп, 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Гуманитардык жардам кайдыгер карабаган жарандар тарабынан чогултулган. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Эске салсак, кечээ 3 жүк ташуучу унаа кетип, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациялардын резервдик фондунун эсебинен чогулган 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү алардын артынан 2 жүк ташуучу унаа, борбор калаанын тургундарынан 40 тонна гуманитардык жардам кеткен.

Жыйынтыгында Баткен облусуна 8 жүк ташуучу унаа — 160 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18