USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чек ара жаңжалынан качкан баткендиктер Оштун медреселерине жайгаштырылды

08:45, 18 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Оштун мэриясы шаардагы жогорку окуу жайлары жана медреселер менен макулдашып, Баткен облусунан эвакуацияланган жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттарын уюштурган. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Учурда жарандар жайгашкан жерлерде дарыгерлер жана психологдордон турган бригадалар иштеп жатат.

Ошондой эле эвакуацияланган жарандарды кайда жайгаштырарын билбегендер Ош шаарынын мэриясына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар: 0559 129 199 (Нурлан), 0557 707 048 (Жумамидин).

Кошумчалай кетсек, бул телефондорго Баткен облусунун эвакуацияланган жарандарына жардам көрсөтүү боюнча кайрылса болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18