USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан кагылышуулар жүрүүдө

14:20, 16 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

2022-жылдын 16-сентябры саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан кагылышуулар жүрүүдө.

КР УКМКнын Чек ара кызматында душмандын агрессиясынын мизин кайтаруу жана кырдаалды турукташтырууга мажбурлоо үчүн зарыл болгон күчтөр жана каражаттар бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18