USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кочкордогу прокуратура кызматкерлери батирлүү болушту

10:08, 12 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 12-сентябрда, Кочкор райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурору Курманкул Зулушев, Нарын областтык жана Кочкор райондук прокуратураларынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана башка тургундар күбө болушту.

Жети батирлүү эки кабаттуу кызматтык турак жайдын курулушу 2021-жылдын ноябрь айында башталып, 10 айда бүткөрүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18