USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Тазалык» ишканасы таштанды челектерди жууп-тазалады

18:39, 06 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды челектерин жана аянтчаларды жууп-тазалоону улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 150гө жакын таштанды салынуучу челек жана 25тен ашык таштанды аянтчалары жуулду.

Жууп-тазалоо иштерине 3 бирдик атайын техника жана 10 кызматкер тартылган.

Шаарыбыздын Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Фрунзе, Жибек-Жолу, Сүйүмбаев, Осмонкул, Гоголь, Үсөнбаев, Линейная көчөлөрүндө жууп-тазалоо жүргүзүлдү.

Челектерди жана аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18