USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин үч көчөсүндөгү кыймыл бир тараптуу болду

11:46, 12 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектин көчөлөрүндөгү айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

  • Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
  • Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
  • Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, аварияны азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана коомдук транспортту жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт.

Бишкек шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине унаажолдордун жогоруда аталган участоктору боюнча шаардык каттамдарды кайра карап чыгуу тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18