USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ислам шериктештиги оюндарына катышкан кыргызстандыктардын алгачкы байгелери

10:33, 11 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинин басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.

Алмаз Сманбеков финалдык беттеште Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.

Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.

Белгилей кетсек, Ислам оюндарындагы ушул күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат жана бу Кыргызстандын алгачкы медалы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18