USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу өз ишин баштады

12:35, 09 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында КР президентинин тиешелүү жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлгөн.

Зарыл ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган тиешелүү иштер, ошондой эле башка уюштуруу маселелери аяктады.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады: 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Телефон: 312 994 2416.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18