USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Манас» эпосу англис тилине которулду

11:13, 08 августа 2022, Бишкек - 24.kg

«Манас» эпосу англис тилине которулду. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча «Манас» үчилтигин англис тилине Акылай Байматова которгон, анын бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катышат.

«Китептин ачылышында англис тилинде манас айтылып, чет тилдеринде сценкалар коюлат. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18