USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алматы облусундагы атышуудан бир киши каза болду

16:07, 05 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Алматы облусунун Жамбыл районундагы Узынагаш айылында болгон ок атышуудан үч киши жараат алды.

Алматы облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, 4-август күнү саат 16:20ларда Узынагаш ооруканасына ок тийген үч киши жеткирилген. Алардын бирөө реанимацияда көз жумган.

Мекемеден билдиришкендей, айылдын тургундары өз ара урушуп кетип, курал колдонулган.

«Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, аларды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди департаменттин басма сөз кызматы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18