USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Россиядагы мигранттардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга келди

13:50, 01 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Россиянын Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарында, Пермь аймагында, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын 100 баласы Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборунда эс алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз диаспорасы тарабынан эс алууга окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдар тандалды. 

«Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, КР Жогорку Кеңешинин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18