USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

15:14, 29 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Алдын-ала маалымат боюнча Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Өрт түнү Москванын Алма-Ата көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан хостелден чыккан. Кырсык учурунда 8 адам тирүүлөй күйүп кетип, төртөө ооруканага жеткирилген.

Айрым маалыматтарга караганда, хостел жетекчилиги өрт коопсуздук чараларын сактаган эмес жана ал мигранттарды массалык каттоого тургузган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18