USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Акылбек Жапаров иш сапар менен Москвага жөнөп кетти

10:15, 26 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвада (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18