USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тажикстан менен Түркменстан президенти Достук боюнча келишимге кол коюшкан жок

15:25, 21 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Тажикстан менен Түркменстан президенти Борбордук Азия өлкөлөрүнүн достугу боюнча келишимге кол коюшкан жок. 

Эки өлкө келишимге кийинчээрек кошулмакчы. 

Белгилей кетсек, келишим боюнча Борбордук Азия өлкөлөрү ич ара маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечишет. Кошуналар бири-бирине каршы курал колдонуудан баш тартышат. 

Келишимдин мөөнөтү жок. Катышуучу мамлекет каалаган учурда кат жолдоо менен чыга алат. 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын  төртүнчү кеңешмеси өттү. Эмки жыйын Душанбеде болот. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18